Connect with us

Турак жай жана жер салыгын эсептөө боюнча онлайн калькулятор жаңыртылды

Кыска кабар | 15 Авг 2022 | 462 | 0

Мамлекеттик салык кызматы транспорт каражатына, турак жайга жана жер участогуна салыктын суммасын эсептөө боюнча Calculator.salyk.kg калькуляторду жаңыртып, Салык кодексинин жаңы редакциясына ылайык келтирди. Бул тууралуу аталаган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт жана кыймылсыз мүлк ээлери электрондук калькуляторду колдонуп, салыктын суммасын өз алдынча эсептей алышат.

Calculator.salyk.kg сайтынан керектүү шилтемени ачып, мүлк боюнча тиешелүү маалыматтарды киргизүү жана андан соң «салыкты эсептөө» баскычын басуу зарыл. Программа автоматтык түрдө төлөнө турган салыктын суммасын берет.

Эгерде салык төлөөчү төлөнө турган салыктын суммасын өз алдынча эсептөөдө кыйынчылыкка туш болсо, анда ал жергиликтүү салык органына кайрылып, толук маалымат ала алат.

Эскерте кетсек, 1-сентябрга чейин маалыматтык эсеп берип, төмөнкүлөрдү төлөө зарыл:

  • транспорт каражатына салык,
  • турак жай имаратына, курулмага жана жайга салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),
  • үй алдындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

 

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg расмий сайтынан алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM