Кечээ, 14-август кечки 19:10 чамаларында Түп районунун, Жылуу-Булак айылынын Өмүр батыр көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн коросундагы бастырмада жыйылган чөп күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жерине Түп райондук №34 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып саат 20:00до өрт чектөөгө алып, саат 3:03дө толугу менен өчүрүлгөн.
Жалпы 72 чарчы метр бастырма жана 1400 түк чөп күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.