Connect with us

14 мамлекеттик кызматкер билимин өркүндөтүү үчүн Кореяга окууга барат

Кыска кабар | 12 Авг 2022 | 477 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин стипендиялык программасынын катышуучулары менен жолугушту. Кореяга билимдерин өркүндөтүү үчүн окууга кетип жаткан кызматкерлерге кайрылган Эдил Байсалов чет өлкөдөн алган билим-тажрыйбаларын өлкөнүн өнүгүүсүнө багыттай турганына ишенимин билдирди.

«Жаш кызматкерлерге ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткан Корея мамлекетине жана Корея Эл аралык кызматтыштык агенттигине ыраазычылык билдирем. Жашообуз да бир калыпта турган жок. Демек азыр жаңыча көз караштагы, мол тажрыйбага ээ, азыркы технологиянын тилин билген кадрларга суроо талап жогору болууда. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын да ролун жогорулатуу үчүн кызматкерлердин билим-деңгээлин, тажрыйбасын арттырышыбыз керек. Сиздер ар тараптуу өнүккөн өлкөгө билим алууга кетип жатасыңар, ал жактын тажрыйбасын, технологиясын өздөштүрүп, анын үзүрүн Кыргызстанда көрсөтөсүңөр деген тилектемин» – деди Басалов.

Иш чарага Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ катышып, окууга аттанып жаткан кызматкерлер өз квалификацияларын жогорулатуу менен эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошот деп билдирди.

Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте ушул жылдын башында KOICA стипендиялык программасына кабыл алууну жүргүзгөн.

Мамлекеттик, муниципалдык жана мамлекеттик сектордун 14 кызматчысы тандап алуу баскычтарынан ийгиликтүү өтүшүп, Кореяга окууга кетүүгө даярданып жатышат.

Иш-чаранын соңунда стипендиаттарга сертификаттар таршырылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM