Биз менен байланышыңыз

Балбак Түлөбаев: Парламентте позициялардын күрөшү жүрүүдө

Кыска кабар | 29 Июн 2022 | 250 | 0

Парламентте позициялардын күрөшү жүрүп жатканын, жалпы маанайды «Бүтүн Кыргызстан» башкарып калганын депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында айтты.

Ал кесиптеши Адахан Мадумаров Кыргызстандын кийинки президенти болуу үчүн саясий упай топтоп жатканын билдирди.

«Тажрыйба көзөмөлгө алганын «Бүтүн Кыргызстан» далилдеп отурат. Бул жерде позициялардын күрөшү болуп жатат. Өкмөт мыйзам долбоорлорун алып келет, «Бүтүн Кыргызстан» каршы чыгып жатат, эмнеге? Анткени алар өкмөттү сындыруу керек да, өздөрү бийликке келиши керек. Башыңарда кылыч турса да позицияңарды айткыла да, бекем тургула. Адахан Кимсанбаевич мунун баарын шоу үчүн кылган жок, саясий упай топтоо үчүн жасап атат, а биз отуруп бердик. Добуш берүүнү мыйзамдагыдай жүргүзүү керек да. Эки депутат баарын өзгөртүп коюп жатат», — деди Түлөбаев.

Бүгүн парламентте «Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү чыр менен коштолду.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев мыйзам долбооруна добуш беришкен жок жана бул жалпы добуш берүүгө тоскоолдук жаратты.

Натыйжада «Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлоруна добуш берүү кийинки отурумга жылдырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM