Биз менен байланышыңыз

Баткендеги маданият жана спорт объектилери республикалык бюджеттен каржыланат

Кыска кабар | 28 Июн 2022 | 222 | 0

Баткен облусундагы жергиликтүү бюджеттен каржыланып келген маданият жана спорт объектилери эми республикалык бюджеттен каржыланат. Тийиштүү чечим Министрлер кабинетинин кеңешмесинде кабыл алынды.

Бул чечим «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамды ишке ашырууга багытталган.

Бюджет кодексинин 115-беренесине ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тарта облустун жергиликтүү бюджеттен каржылануучу маданият жана спорт объектилерин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүү чечими чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM