Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушуна сквер куруу үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Сынак 27-июнда эки топтомдуу сатып алуу ыкмасында жарыяланган. Сунуштар 11-июлга чейин кабыл алынат. Тендердин баштапкы суммасы 132 млн 907 миң сом деп белгиленди.
Сквердин эскиз долбоору даяр. Ал төмөнкү сүрөттөрдөгүдөй болууга тийиш.