Биз менен байланышыңыз

Ош милициясы наристенин сабалышы тууралуу маалымат таратты

Кыска кабар | 28 Июн 2022 | 362 | 0

Ош облустук милициясынын маалымат кызматы Алай районундагы үч жашар балага карата зомбулук фактысы боюнча маалымат берди.

27-июнда саат 09:00 чамасында милицияга наристе денесинен жараат алып, Алай райондук Жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун биринчи медициналык жардам көрсөтүү бөлүмүнө келип түшкөнү тууралуу маалымат келген.

Милициянын маалыматына караганда, Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылынын 40 жаштагы И.Н. аттуу тургуну 33 жаштагы Р.А. аттуу аялы менен Сары-Могол айылына көчүп келип ар кимдин үйүндө убактылуу жашап жүргөн. 6-март күнү Р.А.нын бир тууган сиңдиси 22 жаштагы Р.Ж. өзүнүн үч жаштагы Н. аттуу баласын жай мезгилине чейин карап туруу үчүн таштап кетип, бүгүнкү күнгө чейин эч байланышкан эмес.

Р.А. баланы ур-токмокко алган. Жолдошу экөө аны ооруканага көрсөтпөстөн, үйүндө карап жүрүшкөн. Аны кошуналары байкап калып, Сары-Могол айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча кызматкерлерине телефон аркылуу билдиришкен.

Соцкызматкерлер айтылган дарекке барганда үч жашар баланын денесинде ар кандай жаракаттарды: колдору-буттары көгөргөн, башы жарылган жана сыйрылганын көрүшкөн. Аны Сары-Могол айылдык ооруканасына алып барышып, андан кийин Алай райондук Жалпы дарыгерлердин практикалык борборуна алып келишкен.

Учурда баланын ата-энесин жана анын өздүгүн аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле Н.га карата тиешелүү экспертизалар дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы менен наристеге зомбулук көрсөткөн жарандарга карата юридикалык баа берилет.

Бүгүнкү күндө бала Алай райондук социялдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин карамагына алынды.

Copyright © 2017 Maral FM