Биз менен байланышыңыз

Донорлор күнү. Бишкекте кан тапшыруу акциясы өтүүдө

Кыска кабар | 14 Июн 2022 | 252 | 0

Бүгүн, 14-июнда Бүткүл дүйнөлүк донорлор күнү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул күн «Кан тапшыруу – тилектештик актысы» деген ураандын алдында өтүп жатат.

Бүгүн Республикалык кан борбору «Улуттук кызыл жарым ай» коому менен биргеликте Бишкек мэриясынын колдоосу менен Asia Mall соода борборунда донордук канды чогултуу боюнча масштабдуу акция өткөрүүдө.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бардыгын акцияны колдоого чакырат.

Бул күн кан тапшыруу зарылдыгы жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, шаардык саламаттыкты сактоо уюмдарын үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн кан тапшырган ыктыярчылардын салымын белгилөө максатында кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM