Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, июнь айында абанын орточо температурасы климаттык норманын чегинде болот.
Жаан-чачын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында көп жаашы ыктымал.
Чүй облусунда күтүлгөн аба ырайы
Чүйдө июнда абанын орточо температурасы климаттык нормада кармалып, күндүзү 21…23°, түнкүсүн 8…13° — 18…23° градуска чейин, кээде 23…28° — 31…36° градуска чейин өзгөрүлүп турат. Айрым учурларда 17…22° градус төмөндөшү мүмкүн.
Жаандын жаашы кадимки ченемде болот.
Талас облусу
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 5…10° градустан 14…19° градуска чейин, күндүзү 22…27° градустан 30…35° градуска чейин болот.
Жаан-чачын ченеминен ашык жаабайт.
Ош облусунун дыйканчылык аймактары
Орточо температура климаттык норманын чегинде болуп, 22…24°, тоо этектериндеги райондордо 18…20° жылуу болушу күтүлөт.
Түнкүсүн 11…16° жылуулуктан 19…24° жылуулукка чейин, күндүз 22…27°, кээ бир күндөрү 32…37 градус болот.
Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын климаттык нормага жакын болот, тоо этектеринде көбүрөөк жаашы мүмкүн.
Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактары
Түнкүсүн 11…16° жылуулуктан 19…24° чейин, күндүз 22…27° жылуулуктан 32…37°ка чейин өзгөрүлүп турат.
Аймактарда жаан-чачын нормадан ашык жаабайт, тоо этектеринде нормадан ашык болушу мүмкүн.
Баткен облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 22…24°, тоо этектериндеги райондордо 18…20° жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде түнкүсүн 11…16° жылуулуктан 19…24° жылуулукка чейин, күндүз 22…27 градустан 32…37°ка чейин көтөрүлөт.
Жаан-чачын тоо этектеринде нормадан ашык болушу ыктымал.
Ысык-Көл облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 15…17° жылуу.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8º жылуулуктан 11…16º жылуулукка чейин, күндүз 14…19 градустан 24…29 градуска чейин жогорулайт.
Жаан-чачын чыгыш тарабында көбүрөөк жаашы мүмкүн.
Нарын облусу
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6, 8…13° жылуулука чейин, күндүз 15…20° жылуулуктан 24…29° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.