Биз менен байланышыңыз

Алыш боюнча Азия чемпионаты: Кыргыз спортчулары 10 медалга ээ болушту

Кыска кабар , Спорт | 27 мая 2022 | 691 | 0

Ош шаарында өткөн Азия чемпионатында Кырыгызстандын спортчулары 10 медаль утту.

Мелдеш 22-23 май күндөрү А. Сүйүнбаев атындагы стадиондо өтүп, жалпысынан 12 медаль ойнотулду.

Маалыматка ылайык, мелдешке 8 өлкөдөн — Иран, Индия, Япония, Монголия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан, жана Кырыгызстандан 270 спортчу катышты.

Анда Кыргызстандын спортчулары 10 медаль: 2 алтын, 6 күмүш жана 2 коло медалга ээ болду.

Ал эми командалык эсепте Кыргызстандын эркектер командасы 2-орунду, кыз-келиндер курамасы 3-орунду ээледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM