Биз менен байланышыңыз

Азия кубогу футбол (U-20): Кыргызстандын атаандаштары белгилүү болду

Кыска кабар , Спорт | 25 мая 2022 | 382 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы (U-20) Азия кубогу-2023 тандоо раундундагы атаандаштары белгилүү болду.

Кечээ, 24-майда турнирдин тандоо раундуна чүчүкулак кармоо болуп, 44 команда 10 тайпага бөлүндү.

Кыргызстандын курама командасы Бириккен Араб Эмираттары, Иран жана Бруней курамалары менен бирге J тайпасына кирди. Бул тайпадагы оюндар 14, 16 жана 18-сентябрда Бишкекте өтөт.

2023-жылы Өзбекстанда өтө турган турнирдин финалдык туруна 10 тайпанын жеңүүчүлөрү, ошондой эле өз тайпаларында 2-орунду ээлеген 5 мыкты команда чыгат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM