Биз менен байланышыңыз

Дзюдо: Абдужалил Юнусов 7-дан алган биринчи кыргызстандык болду

Кыска кабар | 31 Мар 2022 | 551 | 0

Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Абдужалил Юнусовго Эл аралык дзюдо федерациясы (IJF)  7-дан ыйгарды.

«Бул наам дзюдону өнүктүрүүгө жана жайылтууга кошкон зор салымы, эл аралык аренада жетишкен жогорку натыйжасы, ошондой эле өсүп келе жаткан муундун патриоттук сезимин жана жоопкерчилигин калыптандырууга жасаган эмгеги үчүн ыйгарылды», — деп айтылат куттуктоодо.

Белгилей кетсек, Абдужалил Юнусов 7-данга жеткен биринчи кыргызстандык болду.

Абдужалил Юнусов дзюдо боюнча СССРдин спорт чебери (1973), СССРдин эл аралык класстагы спорт чебери (1979), СССР чемпионатынын 4 жолку жеңүүчүсү, Эл аралык спартакиаданын чемпиону (1983), ошондой эле көптөгөн эл аралык жана бүткүл союздук сынактардын лауреаты болгон.

Айта кетсек, дзюдо баскычы 10 дандан турат. Кыргызстандын спортчулары 5-6 дан менен чектелип келишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM