Connect with us

Монголиянын тарыхында алгачкы ирет аял элчилер көбүрөөк дайындалды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Янв 2022 | 395 | 0

Монголия Улуу Хуралынын (парламентинин) акыркы күзгү сессиясында үч мамлекетке элчи дайындалып, алардын экөөнө аялдар тандалды. Натыйжада Монголиянын тарыхында биринчи жолу алты аял элчилик кызмат аркалап жатат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Батмунхийн Батцэцэг өзүнүн интернет баракчасына жазды.

«Биз элчилерди эмгегине жараша дайындоого жана алардын кесипкөйлүгүн жогорулатууга көбүрөөк көңүл буруп жатабыз. Жаңы дайындалган элчилер — жогорку билимдүү, тажрыйбалуу кесипкөй дипломаттар. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, азыркы дипломатиянын тарыхында элчи болуп аялдар сейрек дайындалат. Бул жолу 31 элчинин ичинен алтоо аял элчи. Натыйжада, аялдар бул гендердик орток позицияны ээлеп, эл аралык мамилелерде аялдардын лидерлиги каралып жатат», — деп жазган министр.

Кечээки жыйында төмөнкү элчилер дайындалган:

Сарантогос Эрдэнэцогт — Монголиянын Түштүк Кореядагы элчиси;

Сергелен Пурев (эркек) — Монголиянын Кувейттеги элчиси;

Гэрэлмаа Даваасүрэн — Монголиянын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалды.

Айта кетсек, ага чейин төмөнкү айымдар элчилик кызматка жөнөтүлгөн:

Цэрендорж Нарантунгалаг — Монголиянын Италиядагы элчиси;

Сосормаа Чулунбаатар — Монголиянын Бразилиядагы элчиси;

Лхагвасурэнгийн Саянаа — Монголиянын Болгариядагы элчиси;

Уламбаяр Нямхүү — Монголиянын Франциядагы элчиси.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM