Биз менен байланышыңыз

Филиппинде «Рай» тайфунунан 208 адам каза болду (сүрөт)

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Дек 2021 | 599 | 0

Филиппиндеги «Рай» тайфунунан курман болгондордун саны 208ге жетти. Бул тууралуу Manila Bulletin гезити полициянын маалыматына таянуу менен билдирди.

«Рай» тайфуну өлкөнүн тарыхындагы эң көп адам өмүрүн алган апаат катары катталды. Кырсыктын кесепетинен 239 адам жаракат алып, дагы 52 адам дайынсыз жоголду.

Тайфун 16-декабрда Тынч океандын батышында пайда болгон. Ал архипелагдын түштүк жана борбордук аймактарын каптаган. Филиппин куткаруу кызматы 300 миңден ашуун адамды коопсуз жайга көчүргөн.

Филиппин аймагында күн ачылып, суу тартылары менен өкмөттүк мекемелер жабыркаган аймактарга гуманитардык жардамдарды жөнөтүүнү баштады.

Анткен менен тайфун коркунучу дале кете элек. Ал Вьетнамдын Бинь Динь провинциясын көздөй жылып жатканы айтылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM