Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы турнирде Кыргызстандын 2 балбаны медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 13 Дек 2021 | 817 | 0

Орусиянын Хасавюрт шаарында өткөн XIX-XX кылымдагы белгилүү жоокерлерин эскерүү турниринде Кыргызстандын спортчулары эки медаль алды. Бул тууралуу Орусиянын Күрөш федерациясынын wrestrus.ru сайты маалымдады.

74 кг салмакта Исламбек Орозбеков коло, 79 кг салмакта Арсалан Будажапов күмүш медалга ээ болду.

Исламбек Орозбеков коло үчүн беттеште орусиялык Азнаур Таваевди жеңип алса, финалга өткөн Арсалан Будажапов орусиялык Ацамаз Санакоевге утулуп калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM