Биз менен байланышыңыз

Жоодар Сайдилкан: АСУнун мүмкүнчүлүгү чектелүү болгону үчүн ызы-чуу чыкты

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Дек 2021 | 752 | 0

АСУнун техникалык мүмкүнчүлүгүнүн чектелүү экени жаңы шайлоо системасынын артыкчылыктарын так көрсөтө алган жок. Мындай пикирин ишкер Жоодар Сайдилкан «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, преференциалдык ыкманын кириши — Кыргызстан үчүн болуп көрбөгөндөй жаңылык. Муну чоң бир системдик өзгөрүү деп атаса болот. Аны Кыргызстанды туңгуюктан алып чыгуунун бир жолу катары бааласа болот. Бирок ыкма жаңы болгону менен эски технологияны пайдалануу ортодо ызы-чууну жаратты.

«Бул сканер технологиясы  -1980-жылкы технология. 1980-жылдары биз бири-бирибизге факс жөнөтөт элек. Андан бери технология көп өзгөрдү. Турмушубуздун бардык жагында сенсордук экрандар бар. Шайлоо процесси деле бул өнүгүүдөн артта калган жок. Дүйнө жүзүндө шайлоо процесси ошол багытта өнүгүп-өстү. Биз 2012-жылдары толук электрондук шайлоону сунуштаганбыз, бирок ошондо биздин сунуш эске алынбай, ошол кездеги БШК жетекчилери тарабынан Кореянын эски технологиясы алынып келинген. АСУ Кореянын өзүнүн БШКсында кара тизмеде. АСУнун техникалык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгон үчүн жыйынтык ушундай болду», — дейт ишкер.

Анын айтымында, АСУда көп адамдык фактор бар. Элүүдөн ашык өлкөдө колдонулган электрондук шайлоодо бардык 3 баскыч тең: шайлоочунун тизмесин аныктоо, шайлоо күнү адамды идентификациялоо, добуш берүү электрондук түрдө жүрөт. Ал эми АСУда добуштарды эсептөө системасы эле электрондук түрдө өтөт. Ошондуктан АСУда керектүү маалыматтарды бурмалап койсо болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM