Connect with us

PR: Юлия Джаналиева №12: Мектептерде милдеттүү түрдө үч тил окутулушу керек

Кыска кабар | 19 Ноя 2021 | 458 | 1

Биздин команданын максаты: кыргыз, орус жана англис тилдерин милдеттүү түрдө үйрөтө турган мектептердин санын көбөйтүү.  Бул тууралуу «Альянс» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Юлия Джаналиева билдирди.

«Билим берүүнүн базистик планында окуучуларга керексиз сабактар көп. Алар жөн эле балдардын убактысын алып жатат. Азыр IT тармагы, каржылык сабаттуулук, психология, байланыш негиздери сыяктуу сабактар окутулушу керек. Бирок аларды базистик планга киргизүү мүмкүн эмес. Андан башка сабактар өтө көп. Окуучулар мындай жүктү көтөрө алышпайт», — деди Джаналиева.

Ал директорлорду ата-энелер жана мугалимдерден турган камкорчулар кеңеши аркылуу дайындоо, биринчи класстан баштап англис тили жана программалоо сабактарын киргизүү заман талабы экенин кошумчалады.

Альянс – №3 Бир күч!

Юлия Джаналиева – №12

Аткаруучу: «Марал ТВ» ТРБК» ЖЧКсы. Дареги: Бишкек ш., Фрунзе көч. 387

«Альянс» саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен «Альянс» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү. 19-ноябрь, 2021-жыл.

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM