Ооганстандын борбору Кабулда акыркы эки айда экономикалык каатчылыктан улам дээрлик 95% китепкана, китеп дүкөнү жана басмаканалардын эшиги жабылды. Бул тууралуу жергиликтүү TOLOnews телеканалы кабарлады.
«Кабулдагы каржылык каатчылыктан улам китепканалардын 95%ы жабылды. Мындай абал китеп дүкөндөрүн жана басмаканаларды да тунгуюкка кептеди. Бир кесим нанга акчасы жок элдин азыр китеп алып окуганга деле чамасы жетпейт», — дейт ооган басмаканалар союзунун президенти Саид Ахмад Саид.
Кабулда китеп жарманкелерин жыл сайын өткөргөн уюштуруучулардын маалыматында, китеп сатып алуучулардын саны борбор калаада 90%га азайган. Ал эми аймактагы абал мындан да кейиштүү болушу мүмкүн.
«Калк бир гана экономикалык кризиске эмес, маданий кризиске да кошо кабылды. Бул биздин өнүгүүбүз үчүн өтө чоң катастрофа», — дейт ооган жазуучусу, акын Жавид Фархад.
Ооганстанда Талибан кыймылы бийликти басып алганга чейин 180 басмкана (анын 90у Кабулда жайгашкан) жана 525 китеп дүкөнү (анын 280и Кабулда) иштеп турган.
Китеп сатуу жана китеп басып чыгаруу көйгөйү Ооганстанда буга чейин да болгон. 1996-2001-жылдары Талибан кыймылы бийликте турганда китептерге иллюстрациялык сүрөттөрдү тарттырбай койгон учурлар көп катталган.