Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада өлкө боюнча 13 өрт катталды

Кыска кабар | 10 мая 2021 | 423 | 0

Бир сутканын ичинде өлкө аймагында 13 жерден өрт чыгып, аны өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт катталган.

Бишкек шаарынын Ак-Өргө жаңы конушундагы почтадан, «Дордой» базарындагы май алмаштыруучу жайдан, Сокулук районундагы Биринчи май айылындагы эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыккан. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы унаа тетиктер дүкөнү, Ысык-Көл районундагы Григорьевка айылындагы сарай жыйып койгон чөбү менен кошо өрттөнүп кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM