Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 500 жетим балага жардам көрсөтүлдү

Кыска кабар | 10 мая 2021 | 536 | 0

Бишкекте 500 жетим жана томолой жетим балага гуманитардык жардам таркатылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова катышып, демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирди.

Биринчи орун басар Ализа Солтонбекованын айтымында, аталган жардам министрлик менен тыгыз кызматташуунун натыйжасында ишке ашууда. «Бул азык-түлүк түрүндөгү жардам Дубай шаарындагы «Аль-Махтум» фонду тарабынан көрсөтүлдү. Ошондой эле буга «Жаркын жаштар келечеги» фондунун салымы чоң», — деди ал.

Ализа Солтонбекова муктаждарга колдоо көрсөтүү багытында  иш-чаралар улантыларын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM