Биз менен байланышыңыз

Аймактагы кадрлар резервине кирүү үчүн 247 талапкер аңгемелешүүдөн өтүүдө

Кыска кабар | 6 Апр 2021 | 1466 | 0

Мамлекеттик кадр кызматында Регионалдык кадрлар резервине кирүү үчүн конкурстук тандоонун аңгемелешүү этабы өтүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик кадр кызматына 800дөн ашуун жарандан конкурска катышууга арыздар келип түшкөн. Конкурстук тандоонун биринчи этабы болгон компьютердик тестирлөөдөн 247 талапкер жетиштүү упай топтошуп, аңгемелешүүгө кирүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Конкурстук комиссияны аталган кызматтын директору Абдырахман Маматалиев жетектейт. Топтун курамын ошондой эле президенттин аппаратынын өкүлү, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү жана Жамин Акималиев, Жаңыл Түмөнбаева жана Садыкбек Аблесов өңдүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери толукташат.

Аңгемелешүү этабында талапкерлер комиссиянын мүчөлөрүнө аймакты өнүктүрүү боюнча өздөрүнүн презентациясын сунушташат жана суроолорго жооп беришет.

Кадр тандоо этабынын жүрүшү Мамлекеттик кадр кызматынын расмий сайтында жана социалдык желедеги расмий баракчаларында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM