Connect with us

Кыргыз-казак чек арасы: «Каркыра» бекети 1-апрелде ачылат

Кыска кабар | 29 Мар 2021 | 917 | 0

«Каркыра» бекети казак тараптын демилгеси менен 1-апрелде ачылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Каркыра» бекети саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Бекеттен жарандар, транспорт каражаттары, жүктөр, товарлар жана жаныбарлар өткөрүлөт.

Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстандын жана чет мамлекеттин жарандары Казакстанга барарда эпидемиялык абалды жана жүргүзүлгөн карантиндик эрежелерди эске алып, атайын чектөөлөр менен таанышуулары шарт.

«Каркыра» өткөрүү жайында электрондук виза жүргүзүлбөйт. Бекет Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан.

2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз-Казак Өкмөттөрүнүн «Мамлекеттик чек арадагы өткөрүү жайлары жөнүндө» макулдашуусуна ылайык, «Каркыра» көп тараптуу автомобилдик бекет болуп саналат. 2020-жылдан баштап «Каркыра» көзөмөл-өткөрүү жайы жыл бою иштей турган режимге өткөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM