Биз менен байланышыңыз

Кермакунова «Улуттук допингге каршы борборго» директор болду 

Кыска кабар | 16 Сен 2020 | 441 | 0

Нургүл Кермакунова «Улуттук допингге каршы борбор» дирекциясынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кермакунова ушул жылдын 21-августунан тарта 4 жылдык мөөнөткө дайындалган.

Ал 2004-2013-жылдары «Кыргызстан аба жолдору», «Кыргызаэронавигация» медициналык комиссиясынын функционалдык диагностика боюнча эксперт-доктуру болуп иштеген.

2013-жылдан 2020-жылга чейин административдик департаменттин жана РБКнын клиникалык ооруканасында функционалдык диагностика боюнча адис, чарбалык эсептөө бөлүмүнүн функционалдык диагностика бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Допингге каршы күрөшүү дирекциясы «Улуттук антидопинг борбору» Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдында түзүлгөн.

Дирекция спортто допингди колдонууга каршы иш алып барган мекеме болуп саналат.

Дирекция төмөнкү милдеттерди аткарат:

  • Өлкө аймагында допингге каршы саясатты ишке ашыруу;
  • антидопинг саясатын иштеп чыгуу үчүн сунуштарды киргизүү;
  • Дүйнөлүк антидопинг Кодексинин жана Кыргызстандын эрежелеринин аткарылышын камсыз кылуу;
  • Кыргыз спортчулары арасында таза спортту жайылтуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM