Биз менен байланышыңыз

4 жылда 800 калктуу конушка таза суу жеткирилет

Кыска кабар | 4 Сен 2020 | 306 | 0

2024-жылга чейин 822 калктуу конуштун таза суу маселеси чечилет. Бул тууралуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Сайпидин Момунов брифингде билдирди.

Анын айтымында, калктуу конуштарда таза суу системасы 1950-1970-жылдары курулган бойдон турат. Мындан улам Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 70 млн долларды түзгөн долбоор Ош облусунун 33 айылын, Чүй облусунун 41 айылын жана Ысык-Көл облусунун 17 айылын камтыйт. Жалпы 91 айылды камтыган долбоор.

Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан Жалал-Абад облусунун 25 айылын, Баткен облусунун 44 айылын, Талас облусунун 17 айылын камтыган долбоор колдоого алынып,  иш жүргүзүп жатат.

Момунов кошумчалагандай, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 32,9 млн долларды түзгөн долбоор Нарын облусунун 31 айылын камтыйт. Ал башталуу алдында турат. Жалпы алганда аталган долбоорлор 187 млн долларды түзүп, 211 айылды камтыйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM