Биз менен байланышыңыз

Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова дүйнө салды

Кыска кабар | 12 Авг 2020 | 592 | 0

Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова 12-августта 83 жашында оорудан улам каза болду. Бул тууралуу Кыргыз улуттук жазуучулар союзунан кабарлашты. Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет.

Гүлсайра Момунова 1961–1969-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинде кызматкер, 1971-жылдан «Кыргызстан» басмасында редактор, 1973–1993-жж. «Кыргызстан аялдары» журналында жооптуу катчы, башкы редактордун орун басары болгон.

1971-жылы Жазуучулар союзунун, 1965-жылдан бери СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.

Биринчи ырлар жыйнагы «Тилек» деген ат менен 1964-жылы жарык көргөн. Бир катар поэтикалык кыргыз тилиндеги жыйнактардын, эки орус тилине которулган жыйнактардын автору, бир топ жамааттык котормолордун авторлошу.

1987-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын алган. 2001-жылы «Эр Манас урпагы» медалы менен сыйланып, 2003-жылы «Түгөлбай Ата» адабий сыйлыгынын лауреаты болгон.

2011-жылы Кыргыз Республикасынын эл акыны наамын алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM