Биз менен байланышыңыз

Чүйдүн Калыгул айылындагы жаңы мектеп күзүндө ишке берилет

Кыска кабар | 12 Авг 2020 | 342 | 0

Премьер-министр Кубатбек Боронов Чүй облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Чүй районунун Калыгул айылындагы орто мектептин имаратынын курулушуна капсула салды.

Аталган айылдагы эски мектеп 2 окуу корпусунан турат жана 150 окуучулук орунга эсептелген. Учурда мектептин дубалдарында жана шыптарында жаракалар кеткен. Мектеп имараты сейсмикалык талаптарга жооп бербейт.

Өкмөт башчынын маалыматында, жаңы мектеп күз мезгилинин соңунда ишке берилип, балдар жашаган жери боюнча билим алууга шарт түзүлөт.

Кошкоргон айылындагы 350 орунга эсептелген мектептин курулушу дээрлик аяктап калды. Премьер-министр курулуш иштерин бүткөрүү үчүн тийиштүү каражатты ыкчам бөлүү тапшырмасын берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM