Connect with us

Акыркы бир суткада 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 12 Авг 2020 | 407 | 0

Акыркы бир сутка ичинде 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын айтымында, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Ош облусунда 3, Баткен облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 2 жана Ысык-Көл облусунда 2 медик ооруну жуктуруп алган.

Акыркы бир суткада 7 медициналык кызматкер айыкты. Мындан сырткары, үй карантининде дарыланып жаткан 23 медициналык кызматкер сакайды.

COVID-19 жалпы 2981 медкызматкерге жуккан, аны 2242си айыкты.

Кыргызстанда 12-августка карата коронавирус жуктургандардын саны 40 миң 759га жетти. Илдеттен 33 миң 27 жаран айыгып, 1484тү бейтап каза болду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM