Биз менен байланышыңыз

Мектептерде окутуунун формасы кандай болот? Кенен түшүндүрмө

Кыска кабар | 11 Авг 2020 | 5074 | 2

Мектептерде окутуунун формасы 2 негиздемеге ылайык аныкталат. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, биринчиден санитардык — эпидемиологиялык кѳзѳмѳл жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан кабыл алынган чечим окутуунун формасын аныктайт.

Ошондой эле ата-энелерге окутуунун формасын тандоо укугу берилип, мектеп жана ата-энелер ортосунда эки тараптуу келишим түзүлөт.

“Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, балдардын жана мугалимдердин ден соолугуна жана ѳмүрүнѳ коркунуч келтирбеген аймактарда (“жашыл зоналарда”) 1 — 11-класстарда окутуу салттуу түрдѳ ѳткѳрүлѳт. Окуучулардын саны абдан аз болсо, “нѳѳмѳт” класстар ачылышы  мүмкүн”, — деп билдирди билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Салттуу — дистанттык аралаш түрдѳ

Окутуу 1,5,9 жана 11- класстарда гана салттуу түрдѳ ѳткѳрүлсѳ, анда класстардагы окуучулар санына жараша топторго бѳлүнүп, ийкемдүү жүгүртмөгө ылайык окутулат.

Мисалы:

1 — топ — дүйшѳмбү, шаршемби күндѳрү,

2 — топ — шейшемби, бейшемби күндѳрү.

Окуучулар мектепке келген күндѳрү мугалимдер окуу программасы боюнча жаңы материалды түшүндүрүп, алардын кѳндүмдѳрүн ѳнүктүрүүгѳ багытталган тапшырмаларды беришет.

Жума күндѳрү мугалимдер окуучулар менен кайтарым байланышка чыгышат жана сабакка даярданышат.

Социалдык аралыкты сактоону камсыздоо максатында, ар бир класс үчүн сабактардын жана танапистердин жүгүртмөлөрү ѳзүнчѳ түзүлѳт.

1-5 — класстар 1 — сменде, 9-11 — класстар 2 — сменде.

Ал эми эпидемиялык кырдаал туруктуу болгонго чейин 2-3-4-6-7-10-класстарда окутуу дистанттык түрдѳ жүргүзүлөт, ошол эле учурда, окуучулардын саны анча кѳп эмес мектептерде 2-класстардын да салттуу режимде окуусу изилденүүдѳ.

Айрым предметтер социалдык аралыкты жана башка санитардык талаптарды сактоо менен таза абада ѳткѳрүлүшү мүмкүн.

Дистанттык түрдѳ

Эпидемиологиялык кырдаал курч аймактарда (“кызыл зона”) санитардык — эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ жана жергиликтүү бийлик органдарынын корутундуларынын негизинде 1-11-класстарда окутуу дистанттык формада ѳткѳрүлѳт.

Мугалимдер телеканалдарда көрсөтүлгөн видеоматериалдарды пайдаланып,  онлайн сабактарды өткөрүшөт.

2 пикир

2 пикир

  1. Райымкулова

    16.09.2020 13:04

    Саламатсыңарбы.биринчиден балдарды аябай эле кыйнап жатасыңар.менде беш бала 1телефондо окуйт.тел жетишпейт десек.тигил аким районо мен не кылайын.неге жок деп бакырат.мындан келди силер элди балдарды алдап жатасыңар.өз кызыкчылыгыңар жогору турат.баарыңды Аллахка салдым.

  2. нурай

    19.09.2020 20:32

    Бардык жак ачык кочо жык адам анан келип эле мектептер жабык балдар кыйналып кетиго балдар жыйналышып тандан кечкээ чейин бирге журушот.депутатар колунардан келсе иштегиле бардык нерсе калат олгондо эч нерсе алып кете албайсынар тойосунарбы силер деги биринди да коргум келбейт

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM