Биз менен байланышыңыз

Пандемиядан улам Nintendo компаниясынын таза кирешеси 541% өстү

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Авг 2020 | 403 | 0

Видео оюндарды жасоочу Nintendo экинчи кварталда 1 миллиард доллар таза киреше тапканын жарыялады. Бул көрсөткүч япон компаниясынын бир жыл мурунку көрсөткүчүнөн 541 пайызга жогору.

Экинчи кварталда компаниянын кирешеси 3,38 миллиард долларга жетти. Эки эселенген өсүшкө коронавирус пандемиясы жана ага байланыштуу чектөөлөр себеп болгон.

Компаниянын эң көп талап кылынган оюну — «Animal Crossing: New Horizons». Март айында сатыкка чыккан оюн 22,4 миллион нускада сатылган. Бул сумманын 10,6 миллиону экинчи кварталда болгон. Натыйжада оюн тарыхтагы эң көп сатылган оюндардын элүүсүнө кирди.

Мындан тышкары, компания пандемияга байланыштуу компоненттерди жеткирүүдө кыйынчылыктарга карабастан, Switch жана Switch Portable оюн консолдорун ийгиликтүү сатууда. Экинчи кварталда компания 5,68 миллион оюн консолун сатты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM