Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Атамбаевге мыйзамсыз иш козголсо, мен аны коргоп чыгам

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 1222 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов Атамбаевдин кол тийбестигин алууда анын жеке адам катары эмес, президент деген институтту бекемдөө негизги максат болушу керектигин белгилейт. Ал бүгүнкү күндө бардык бийлик бутагы президенттин колунда экенин айтып, Атамбаев бийликте турганда импичмент маселеси колдоо тапкан эместигин эске салды.

Бүгүн биз Кыргызстанда диктатурага жол берилбегендей чечим кабыл алабыз. Ар кандай шылтоо менен өч албайлы деп Атамбаевдин кол тийбестик макамынын алынуусуна жол бербей койсок, мындан ары тарых алдында эң жогорку бийликке келген адам эч качан мыйзам алдында жооп бербейт деген аксиоманы мыйзамдаштырып койгон болобуз. Кеп Атамбаевде эмес, кеп президент деген институттун жоопкерчилигинде. Атамбаевдин эң чоң катасы — ал бүгүнкү күндү ойлогон эмес. Ал укук коргоо органдары, сот, прокуратура, парламент өмүр бою менин тегерегимде болот деп ойлогон. Ошондуктан биз анын кол тийбестигин гана алып коюшубуз керек. Муну менен мыйзам алдында баары бирдей деген принцип орнойт. Эгер Атамбаевге мыйзамсыз жол менен  иш козголсо, мен биринчи болуп анын укугун колдоп чыгам. Бул окуяга дүйнө коомчулугу көңүл буруп жатат, бул окуяны жалпы 6 млн эл аягына чейин көзөмөлдөп турат. Эгер айтылган айыптар далилденбесе Атамбаев акталып чыгат. Бул окуя кийинки президенттер үчүн дагы чоң сабак болушу керек. 

Бүгүн парламентте экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу жактырылды. Ага 105 депутаттын 100ү «макул» деп добуш берди.

Бул токтом Башкы прокуратурага жолдонду. Башкы прокуратура жети күндүн ичинде кылмыш ишин козгоого негиз бар же жогун аныктап чыгат. Эгер негиз болсо, Атамбаевден кол тийбестикти алуу маселеси талкууланат.

Copyright © 2017 Maral FM