Биз менен байланышыңыз

Президент өкмөткө эл аралык деңгээлдеги стадион курууну тапшырды

Кыска кабар | 24 Янв 2019 | 2638 | 3

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөткө Футбол федерациясы менен биргеликте Бишкекте эл аралык деңгээлдеги жаңы заманбап футбол стадионун курууну сунуштады. Ошондой эле футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну тапшырды.

Бул тууралуу ал бүгүн, 24-январда, футбол боюнча Улуттук курама команданын оюнчуларына жана машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде билдирди.

«Сиздердин Азия Кубогунда 1/8ге чыгышыңыздар эле тарыхый окуя болуп саналат. Кыргызстан ФИФА рейтингинде 2012-жылы 195-орунду ээлеген. Быйылкы жылы биз 91-орунду ээледик. Бул ийгиликтин, жаркын жеңишиңиздердин артында чоң эмгек, тынымсыз машыгуулар турат», — деди мамлекет башчы.

Белгилей кетсек, Азия биринчилигине Кыргызстандын улуттук курама командасы биринчи жолу катышып, плей-офф баскычына чейин чыкты. Алар 1/8 финалда Бириккен Арап Эмираттарынын курамасына 2:3 эсебинде жеңилип калды. Бирок ошентсе да мыкты оюн көрсөтүшкөнүн кыргыз коомчулугу, дүйнөлүк коомчулук да белгилөөдө.

3 пикир

3 пикир

  1. Бекжан

    24.01.2019 20:43

    Президент стадион курула турган жерди болуп берсин.Бюджеттен финансы каражатын караштыруу керек Айтылган соз куру убада бойдон калбаса болду. Акшумкарлар азаматтар!!!!!!!!!!

  2. Жамангулов Болот

    25.01.2019 08:33

    Кыргызстан Алга биз силер менен сыймыктанабыз Ак шуумкарлар Алга Алга Кыргызстан

  3. БОЛОТ КОЧКОР РАЙОНУ

    25.01.2019 08:36

    Кыргызстан Алга

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM