Биз менен байланышыңыз

Разаков: Жаңы кодекстерди ишке киргизүүгө 300 млн сом каралган

Кыска кабар | 23 Янв 2019 | 511 | 0

Вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков 2019-жылдын 1-январынан тарта ишке киргизилген жаңы кодекстерди даярдоого бюджеттен 300 млн сом каралганын билдирди.

Ал каражатка тийиштүү техникалар менен жабдуулар сатып алынып, кылмыштардын, жоруктардын, бузуулардын бирдиктүү реестрлери түзүлдү. Ошондой эле, көптөгөн кызматкерлер атайын окутуулардан өткөрүлдү.

Азыркы учурда Кылмыш-жаза кодексин, Жоруктар жөнүндө кодексин, Жазык-процесстик кодексин, Жазык-аткаруу кодексин, Бузуулар жөнүндө кодексин, “Пробациялоо жөнүндө”, “Мунапыс негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүү, жаӊыдан ишке киргизилген ченемдик-укук актыларында кетирилген калпыстыктарды кайра тактоо чаралары көрүлүп жатат.

Буга чейин күчүнө кирген мыйзам жана кодекстердеги мүчүлүштүктөр аныкталып, аларды иретке келтирүү боюнча 3 мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM