Connect with us

Москвада ЕАЭБ кеңешинде 24 маселе каралды

Кыска кабар | 19 Янв 2019 | 627 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Москва шаарында өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Иш-чара Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григоряндын төрагалыгы астында Россия Федерациясынын  финансы министри Антон Силуановдун, Беларусиянын премьер-министринин биринчи орун басары Игорь Петришенконун, Казакстандын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Аскар Маминдин жана ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда өттү.

Кеңешмеде ЕАЭБдин санариптик күн тартибине, бажы кызматташтыгына, келечектеги интеграцияны тереңдетүүгө, ошондой эле эл аралык ишмердүүлүккө тийиштүү 24 маселе каралды.

ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык долбоорлор, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн жарандарын жумуштуулук менен камсыздоо үчүн санариптик экотутум моделин иштеп чыгуу, интеграциялык биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн бюджеттери аралык киргизүү бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүү ченемдери жана башка маселелер талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тараптар аркылуу Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин мындан аркы интеграциясына багытталган бир катар документтер жактырылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM