Connect with us

ТИМ: Кытайдагы кыргыздар тууралуу маалыматтар текшерилүүдө

Кыска кабар | 28 Ноя 2018 | 1042 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кыргыз улутундагы Кытай жарандарынын камалышы боюнча маалыматтар текшерилип жатканын айтты.

Депутат Таабалды Тиллаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Кытайдагы этникалык кыргыздарга жасалып жаткан зомбулук тууралуу өкмөттөн маалымат угууну сунуштады. Ал коомчулукта бул маселе талкуу жаратып жаткандыктан, парламент үн катпай жатат деген пикирлер бар экенин айтты.

Ал эми депутат Исхак Масалиев алар кыргыз улутундагы Кытайдын жарандары экенин, бул боюнча Тышкы иштер министрлиги маалымат беришин талап кылды.

Эске салсак, 26-ноябрда Кытайдын Шинжаң аймагында “кайра тарбиялоо лагерлеринде” 50 миңге чукул кыргыз негизсиз кармалып отурганын алардын туугандары айтып, президент Сооронбай Жээнбековдон жардам сурашкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM