Биз менен байланышыңыз

Шадиевдин ишин кароо 20-ноябрда уланат

Кыска кабар | 5 Ноя 2018 | 649 | 0

Бүгүн, 5-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жакында депутаттык мандаты алынган Аскарбек Шадиевдин иши боюнча соттук отурум өттү.

Анда судья Эмилбек Каипов билдиргендей, алгач күбөлөр суракка алынат.  Кийинки отурум 20-ноябрга белгиленди.

Шадиевдин адвокаты ал чет мамлекетке дарылануу үчүн кеткенине ишендирүүдө.

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын мүчөсү, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге Башкы прокуратура «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы үчүн айыпталды.

Ошондой эле ал Кыргызстандан качып кеткени үчүн Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү», «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренелери менен айыпталган. Ал учурда укук коргоо органдарынын издөөсүндө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM