Биз менен байланышыңыз

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Кыска кабар | 2 Ноя 2018 | 513 | 0

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми жеңил унаалар үчүн жол ачык. Көк-Бел, Ала-Бел, Төө-Ашуу ашууларында жана Суусамыр өрөөнүндө кардын калыңдыгы 5-10 см болууда.

Төө-Ашууда жолду тазалоо кызматтары иштеп, туз, кум өз маалында чачылууда.

Андан тышкары Көлбаев атындагы тоннель желдетүү системаларындагы профилактикалык иштерге байланыштуу 26-октябрдан 4-ноябрга чейин маал-маалы менен жабылып кайра ачылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM