Connect with us

Бишкекте абанын табы 5 күн бою +8˚С деңгээлинде сакталса жылуулук сезону башталат

Кыска кабар | 9 Окт 2018 | 617 | 0

Бишкек шаарында абанын табы 5 күн бою +8˚С деңгээлинде сакталса жылуулук сезону башталат.

Белгилей кетсек, 7-октябрдан тарта өлкөдө абанын табы кескин төмөндөп, түнкүсүн 10+ градуска чейин түштү. Айрым аймактарда үшүк жүрүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Бүгүн, 9-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Ошондой эле Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда +9…+14;

Таласта +8…+13;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12…+17;

Ысык-Көл жана Нарында +11…+16;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +11…+13.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM