4-октябрда Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасында чек арачылар үчүн курула турган турак жайдын пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.
36 батирлүү заманбап турак жай республикалык бюджеттен каржыланууда. Ал 2 жана 3 бөлмөлүү, өзүнчө от казаны, балдар ойноочу аянтчасы болуусу каралган.
Эске салсак, сентябрда Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары жаңы батирлерге киришти. Жакынкы убакта чек арачылар үчүн Талас жана Чүй облустарында курулуп жаткан турак жайлар бүтүрүлүүдө.