Шашылыш кабар:

Кыргызстан кимге канча карыз?

Сентябрь 12th, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Кыргызстан кимге канча карыз?
Экономика
0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттин тышкы карызы тууралуу кайрылуу жасады. Анда «Атамбаевдин тушунда тышкы карыз көбөйүп кетти» деген сөздөр абсурд экенин айтып, тескерсинче алты жылда карыз 4 пайызга түшкөнүн жар салды.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев «Мамлекеттин тышкы карызы алты жылда 3 млрд 800 млн долларга жетти деген кептер абсурд экенин айтып чыкты. Анын айтымында, президенттик учурунда тышкы карыз 4 пайызга чейин азайган. Коомго таратылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт.

Бирок мамлекет алган карыз кызыл чекке жакындаганын бир эле эксперттер эмес, Жогорку Кеңеш депутаттары дагы парламентте көтөрүүдө. Эл өкүлү Акылбек Жапаров тышкы карыздын көпчүлүгү буга чейинки президенттин тушунда алынганын «Марал» радиосуна апрель айында айтып кеткен.

Атамбаевдин учурунда 1 млрд 700 млн долларга чейин карыз алынган. Энергетика тармагына көп карыз алганы менен азыр да мурдагыдай эле энергия чыгарып жатабыз. Башка банктардын талаптарына, суроолоруна жооп берүүдөн качып, Кытайдан карыз алышат. Анткени Кытайдан карыз алуу оңой. Ошентсе да «Эксим» банкынан эмес «Өнүгүү» банкынан алыш керек болчу.

Бирок сырттан карызга келген акчалардын көрсөткүчү былтыркыга салыштырмалуу азайып баратканын Каржы министрлиги айтууда. 31-июлга карата мамлекеттин тышкы карызы 3 млрд 808 млн долларды түзүп, ички дүң продукциянын 48,2 пайызына туура келди. Бул 2018-жылга каралган божомолго дал келгенин каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков белгиледи. Ошону менен карыздын көлөмү ИДПга карата азайды.

2018-жылга карата каралган божомол менен ИДПны карасак, бүгүнкү күнү 48,2 пайызды түзөт. 2017-жылдын аягына тышкы карыз 4 млрд 89 млн АКШ долларын түзүп, ИДПга 54 пайыз туура келген. Ошону менен карыз ички дүң продукцияга карата азайып бара жатат.  Экинчиден тышкы карыздын негизги кредиттери бул жеңилдетилген насыялар болуп жатат. Мунун пайыздык ченин карап кетсек, жалпы 98,5 пайызды түзөт.  

Кыргызстандын тышкы карызынын 41,3%ын Кытайдын экспорт-импорт банкы берген жана аталган уюм өлкөнү карыз кылгандардын баш сабында турат. Мындай абал карыз алган мамлекет үчүн кооптуу. Анткени Кыргызстан Кытайдан карыз алуу боюнча келишим түзүп жатканда эл аралык арбитраждык сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн баш тартып койгон. Башкача айтканда, эгерде карыз берүүдө кандайдыр бир катачылыктар, мыйзам бузуулар катталса, Кыргызстан сотко даттана албайт. Бул мамлекет үчүн кооптуу болуп турганын мурдагы Экономика министри Эмил Үмөталиев айтып, коңгуроо кагууда.

Өзгөчө Орусия менен Кытайдан келген карыздар өзүнчө көзөмөлгө алынышы керек болгон маселе. Анткени бул түздөн-түз биздин көз карандуулугубузду күчөтүп жатат. Эгер алыскы өлкөлөрдөн аз-аздан карыз алсак, мындай кооптуулук жаралбайт эле. Экинчиден 1-2 мамлекеттин көзүн карабай оокат кылат элек.

Эми алынган каражаттын сарпталышын карасак, мамлекет тыштан келген карыздардын негизги бөлүгүн жол курууга жана калкты электр энергиясы менен камсыздоого жумшаган. Пайыз менен алганда  60% энергетика жана жол тармагына сарпталса, бюджетти колдоого 20 пайызы жумшалып, калган каражат сот реформасы сыяктуу башка иштерге керектелген.

Бирок аны пайдаланууга келгенде сол чөнтөккө солонгон кездер көп болгонун Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинен Сайдулла Нышанов билдирди. Анын айтымында, акыркысы болуп чоң резонанс жараткан Бишкек жылуулук борборун модернизация иши турат. Карыз алгандан качып эмес, аны туура пайдалана билүү саясатын жүргүзүү керек. Жоопкерчилик бир гана президентте эмес, бийликтин баардык бутактарында болуусу керек.

Биз карыз алмайынча социалдык турмушту оңдой албайбыз. Бирок маселе алынган акчанын коротулушунда болуп жатат. Бир гана тыштан алынган карыз эмес, гранттык негизде келген каражаттар дагы максаттуу пайдаланылбай келет. Ошондуктан баары чочуп турган мезгил. Эгер биз акча дагы ала турган болсок, андан сөзсүз пайда көрөбүз. Коркуп тура берсек, мамлекетти алдыга жылдыра албайбыз.

Кандай болгон күндө дагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда эң чоң жеңиш болуп Орусиянын кечкен карызын атоо керек деди экономист Кубанычбек Идинов. Анын айтымында, былтыркы жылы эки өлкө президенттеринин жолугушуусунан кийин 240 млн доллар карызды кечүү тууралуу протоколго кол коюлган.

Атамбаевдин убагында Орусия Кыргызстандын 240 млн доллар карызын кечти. Анын ичинде Акаевдин убагында Түркиядан алынган чырлуу 50 млн доллар бар болчу. Ошол дагы Атамбаевдин убагында кечирилди. Ошону менен баш аягы Атамбаев башкарган жылдары 300 млн доллардай кыскарган. Аны белгилеп кетпесек болбойт.

Кыргызстан соңку беш жылда 80-120 млн доллардын тегерегинде карыз алган. Былтыр тышкы карыз азайганы байкалган. Буга Орусиянын карызын кечүүсү жана Түркиянын 50 миллионго жакын бересени азайтканы себеп болгон.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache