Шашылыш кабар:

Казакстанда жоолук салынган окуучулардын ата-энелерине айыппул салынды

Август 10th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Казакстанда жоолук салынган окуучулардын ата-энелерине айыппул салынды
Дүйнө кабарлары
0

Шымкент шаарында мектепке жоолук салынып келген 22 окуучунун ата-энесине айыппул салынды. Бул тууралуу Билим берүү департаментинин башкы адиси Жанар Алтаева билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпысынан быйыл мектепке 148 кыз жоолукчан келген. Натыйжада «билим берүү, дене тарбия жана спорт тармагында административдик кодекстин тартиптерин бузууга» байланыштуу 22 ата-энеге айыппул салынган. Дагы жетөөнө эскертүү берилди. 29 үй-бүлөнүн төртөө мектепте кыздарынын жоолугун чечүүгө макулдук берди. Ал эми 148 кыздын 89у мектеп талаптарына көнүүдөн баш тартууда.

Эске салсак, Билим берүү жана илим министрлигинин 2016-жылдагы бирдиктүү мектеп формасы тууралуу буйругу Актөбө, Батыш Казакстан, Мангистау жана Түштүк Казакстан облустарында «жоолук жаңжалын» жараткан. Аталган аймактарда жоолукчан кыздарды сабакка киргизбей койгон мектеп жетекчилигин ата-энелер сотко берген. Бул ишти караган соттор Билим берүү жана илим министрлиги менен мектептердин позициясын колдоп келет.

Быйылкы окуу жылынын башталышында Актөбө облусунда сабакка киргизилбеген жоолукчан кыздар кийинки класска көчпөй калышы мүмкүн.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache