Шашылыш кабар:

Тажикстанда 7 килодон ашык ымыркай жарык дүйнөгө келди   

Июль 13th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Тажикстанда 7 килодон ашык ымыркай жарык дүйнөгө келди   
Дүйнө кабарлары
0

9-июлда Тажикстандын Куляб шаарында салмагы 7 кило 200 граммга жеткен ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Куляб шаарынын төрөткана жетекчиси Халима Гадоевага таянып жергиликтүү басылмалар жазды.

Гадоеванын айтымында, бала операция жолу менен төрөлгөн. Наристенин абалы канааттандырарлык, апасы дагы операциядан кийин акырындык менен өзүнө келе баштады.

Ал мындай окуя Тажикстанда мурун болбогонун кошумчалады.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache