Шашылыш кабар:

Кененбаев: Шаардык кеңеш Ибраимовго ишенбестик көрсөтүшү мүмкүн

Кененбаев: Шаардык кеңеш Ибраимовго ишенбестик  көрсөтүшү  мүмкүн
Күн чекит
0

Бишкек шаардык кеңеши кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу бүгүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Депутат Рыспай Аматовдун айтымында, кезексиз жыйын 13-июлда өтөт. Шаардык кеңештин бардык фракциялары мэрге ишеним көрсөтпөө боюнча сунуштарын беришкен. Мындай чечимди кабыл алууга учурдагы болуп жаткан окуялар себеп болгон. Депутаттардын  пландалып жаткан кезексиз жыйыны жана күн тартибине коюлчу маселер тууралуу «Күн чекит»  программасында Бишкек шаардык кеңештин төрагасы  Алмаз Кененбаев айтып берди.

Бишкек шаардык кеңештин депутаттары  кезексиз жыйынга чогула турганы боюнча буйрук тарады. Сиздердин кезексиз жыйынга чогулууңуздардын негизги себеби эмнеде?

Биздин кезексиз чогулабыз дегенибиздин негизги себебибүгүн шаардагы кырдаал боюнча. Шаардык кеңеште беш фракция бар. Фракция жетекчилери кезексиз сессияны өткөрүп берүү боюнча бүгүн мага расмий кайрылуу жасашты. Аны  учурдагы кырдаалга байланыштырышкан. Биринчиден вице-мэр азыркы тапта суракта болуп жатса шаар башчысы 10-июлдан тартып эмгек өргүүсүнө чыгып кетиптир. Негизги себеби ушул…

Бул жерде кандайдыр бир саясий оюн жокпу…

Бул жерде эч кандай саясий оюн жок. Болгону эмне үчүн мэр ушундай кырдаалда эмгек өргүүсүнө чыгып кетип жатат. Азыр шаарда чарбалык иштер баштаган жумуштар токтоп калбайбы деген чочулоо бар.  Эмне үчүн мэр баштаган жетекчиликтер жок болууда? Ушундай маселелерден улам депутаттарды кезексиз сессияга чогултууга туура келди.

Күн тартибине кандай маселелер коюлду? Кворум болбой калбайбы? Эмнеден улам ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатасыздар?

Эми регламент боюнча фракция лидерлери кайрылды. Демек мен беш күндүн ичинде сессияны чогултушум керек. Бүгүн эртең менен каттоо болду. Бир күндүн ичинде жарыялашым керек. Регламенттин негизинде кезексиз сессияны чогултууга милдеттүүмүн.

-Бүгүнкү күнү мэр эмгек өргүүдө жүрөт. А эмне үчүн  ишенбөөчүлүктү  мэрдин эмгек өргүүсүнө чыга электе көтөргөн жоксуздар?

Мэрге ишеним көрсөтпөө боюнча маселе көтөрүлгөн жок. Маселе азыркы кылдаал боюнча гана чыгып жатат. Эгер эртең суроолордун негизинде пайда болуп калса, анда аны дагы карайбыз.

-Бул маселенин мыйзамдык жагын алганда кандай болот. Эгерде жетекчи  эмгек өргүүдө жүргөн учурда?

Шаардык кеңеш шаар мэрин шайлаган. Ошондуктан мэрдин ишин каалаган учурда караганга укугу бар. Борбор макамы жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча мыйзам бар. Анын негизинде мэрлик кызмат бул шайланган кызмат  десек болот. Демек ушундай жагдайда караганга дагы шаардык кеңештин укугу бар.

-Маегиңизге рахмат!

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache