Шашылыш кабар:

Tesla компаниясы Кытайга ишканасын курат

Tesla компаниясы Кытайга ишканасын курат
Дүйнө кабарлары
0

Tesla компаниясы Кытайда жылына 500 миң автоунаа өндүрүү үчүн завод куруу боюнча Шанхай жетекчилиги менен макулдашууга кол койду. Ишкана кайда жана качан курулуп бүтөөрү белгилүү болгон. Бул тууралуу Bloomberg кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Tesla’нын заводу АКШ менен Кытайдын ортосунда соода согушунун зыянын азайтууга мүмкүндүк берет.

Эске салсак, Июлдун башында Кытай тарап АКШ унааларын импорттоодо төлөмдөрдү 40%га чейин көтөруп койгон. Мындан улам Tesla Кытайда Model S жана Model X үлгүсүндөгү унаалардын баасын 30 миң долларга көтөрүүгө туура келген.

Белгилей кетсек, 2017-жылы Tesla’нын Кытайдагы автоунаа соодасы 2 млрд долларды түзүп, 15 миң даана унаа сатылган. Кытайдын үлүшүнө аталган компаниянын кирешесинин 17 пайызы туура келген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache