Шашылыш кабар:

Кытай АКШнын салык салуу аракетин «психологиялык террор» деп атады

Июль 5th, 2018 | by Бахар Хакимова
Кытай АКШнын салык салуу аракетин «психологиялык террор» деп атады
Дүйнө кабарлары
0

АКШ мамлекетинин Кытай товарларына карата жана башка өнөктөштөрүнө кошумча салыктарды киргизүүсү “психологиялык террор” деп аталууда. Бул тууралуу Кытайдын коммерциялык министрлигинин өкүлү Гао Фэн айтканын РИА Новости жазды.

Анын айтуусунда, АКШ акыркы убакытта 50 млрд доллар суммага кытай товарларына карата салык киргизди. Ошондой эле башка мамлекеттерди да салык салуу менен коркутуп жатат. Мындай аракет соода тармагында психологиялык жактан туура эмес жана бажы тарифтерине дал келбейт.

Гао Фэн ошондой эле, Кытай соода согушунда башын ийбей турганын, эл аралык соода механизмдерин коргоодо чечкиндүү аракеттерге бара турганын билдирүүдө.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache