Шашылыш кабар:

Бишкекте тамак-аштан уулангандардын саны жыл сайын кыскарууда

Июнь 20th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Бишкекте тамак-аштан уулангандардын саны жыл сайын кыскарууда
Ден соолук
0

Бишкек шаарында тамак-аштан уулангандардын саны жыл сайын кыскарууда. Мындай маалыматты Мамлекеттик санэпидемкөзөмөл борбору билдирди. Аталган мекеменин кызматкерлери тамактан уулангандарды кароо үчүн дарыгерлер күнү-түнү иштеп жатышканын белгилешет. Бул жылы тамактан ууланган 13 учур катталган. Анын негизинде үч жүзгө жакын адам жабыркаган.


Адистердин айтымында, жайкы ысыкта азык-түлүктөн уулангандардын саны жылдагыдан азайып жатат. Бул күндөрү Бишкекте күн жылый баштады. Ага карабастан дүкөндөр менен ашканаларда тез бузулчу тамак-аштарды сатуу кызыйт.

Борбор калаанын тургуну Гулназ Пахридинова дүкөндөрдүн биринен сосика сатып алып жеп, андан ууланып калган. Буга чейин ал тез татымдарды сатып алып жебесин айтып, сосиска жегиси келип дүкөндөн эле сатып алган. Бирок чыгарылган колдонуу мөөнөтүнө маани бербей калган.

Мен эки күн мурун тамактан ууланып, абдан кыйналдым. Университеттен үйгө кайтып келе жатып, сосика жегим келип жолдо дүкөндөрдүн биринен сатып алдым. Мен тез татымдар менен тамактануудан алыс эле болчум. Бирок сосискадан ууланап деп ойлонгон жокмун. Ууланган күнү кыйналып, эртеси ооруканага барып, капельница алып өзүмө келдим.

Дарыгерлердин сөзүнө караганда, ууланууга өздүк гигиенаны таза сактабоо да себеп. Көпчүлүк бул тууралуу билсе да, эмнегедир аны кармангысы келбегендер бар. Ууланардан сактануу үчүн тамак жээр астында колду таза жууп, тез бузулчу эт жана сүт азыктарынын сөзсүз муздаткычта сакташ керек.

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Артур Буюклянов Бишкекте тамак-аштан уулангандардын саны жыл сайын кыскарып жатканын айтты. Анын маалыматында, тамактан уулангандарга жардам берүүгө жана алдын алуу үчүн дарыгерлер күнү-түнү иштеп жатышат.

-Биздин борборго бейтаптардын кайрылуулары боюнча маалымат түшөт. Бир-эки сааттын ичинде  кызматкерлер окуя болгон жерге барып, инфекция булактарын аныктап, дарылоонун жолдорун белгилеп беришет. Ар бир адам өзүнүн ден соолугуна кам көрүүсү керек.

Аталган мекеменин маалыматына ылайык, акыркы жылдарда тамак-аштан уулангандардын саны азайган. Алсак, 2014-жылы 37 учур катталса, 2015-жылда – 21, 2016-жылда – 17 учур катталган.

Быйыл болсо тамак-аштан ууланган 13 учур катталган. Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын амбулатордук диагностика бөлүмүнүн дарыгери Нүргүл Молдалиева белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын беш айынын ичинде 13 уулануу катталып, 245 адам жабыркаган. Алардын ичинен 218 адам “Ала-Тоо” ресторанындагы массалык ууланудан жапа чеккендер. Эки учур “Ботулизм” боюнча, андан 3 адам жабыркаган.

-Күн мурун Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына 362 адам кайрылган. 20-июнга карата “жугуштуу оорулар бөлүмүндө” 362 бейтап бар, анын 294ү жаш балдар. Жугуштуу гепатит менен — 25 адам, курч ичеги-карын инфекциясы менен — 115, курч респиратордук вирустуу инфекция менен — 52, аралаш инфекция менен (курч респиратордук-вирустуу инфекция менен курч ичеги инфекциясы) – 10, энтеровирустуу инфекция менен – 63 адам катталды.

Адистердин айтымында, ботулизм жылчыксыз жабылган идиште таза жуулбаган жана жетишерлик кайнатылбаган өсүмдүктөр аркылуу козголот. Бул тамак-ашты жеген адам ууланат. Уулуу зат организмдеги ичегиге тез сиңет, андан кан менен бүт денеге тарап, түрдүү органдарды, өзгөчө нерв системасын жабыркатат.

Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш жана гигиена бөлүмүнүн башчысы Мамататхалил Мурзашов уулануу жайкысын көп болгондуктан жарандарды  тамак-аштын сакталуу мөөнөтүнө өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Ошондой эле ал эгер жарандардан коомдук тамактануучу жайлардын үстүнөн арыз түшсө, анда ал жай дароо текшерүүгө алынарын кошумчалады.

Мыйзам боюнча биз коомдук тамактануучу жайларды жылына бир жолу текшерип турабыз. Эгер жарандардан бузулган тамактар боюнча арыз түшсө, анда дароо текшерүүгө алынып, чара көрүлөт. Жай мезгилинде уулануулар көп болушу мүмкүн. Буга тамак-аш эле эмес, жайкысын ичеги-карын ооруларынын күчөшү да себеп болот. Жарандар өздүк гигиенаны сактоо менен уулануунун алдын алат. Ошондой эле жарандар тамак-аштын, азык-түлүктөрдүн сактоо мөөнөтүнө көңүл буруусу керек.

Дарыгерлердин айтымында, азыр тамак-аштан уулануу коркунучу жогору. Адатта июль-август айларында алардын саны көбөйүп, сентябрь, октябрь айларында көрсөткүч ылдыйлайт. Ошондуктан, саратанда гигиенаны сактап, тамак-ашка астейдил мамиле жасоо керектигин эскертишет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache