Шашылыш кабар:

Президент Бишкек шаарындагы мечиттердин бирине барды

Президент Бишкек шаарындагы мечиттердин бирине барды
Кыска кабар
0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда ыйык Орозо айт майрамына байланыштуу Бишкек шаарындагы мечиттердин бирине барды.

Ага чейин өлкө башчы Кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктаган. Анда бир айда жасалган сооп иштер ынтымакты дагы бекемдеп, орозо айт мусулман үчүн улуу күн деп  буларга токтолгон:

«Урматтуу мекендештер!

Сиздерди руханий тазаланууну, тынчтыкты жана мээримдүүлүктү даңазалаган Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Орозо айт ар бир мусулман үчүн улуу күн. Бир ай бою жакшы ниеттер ишке ашырылып, соопчулук иштер жасалды.

Орозо айында береке жаап, муктаждарга садага берилип, таза тилек менен жасалган иштер арбын болду. Жан дүйнөбүз арууланып, ак ниетибиз менен адал иштерди аткарып,  бири бирибизге жакшылык тартуулаганга умтулдук.

Ардактуу мусулмандар!

Кармаган орозоңуздарды Жараткан кабыл кылсын! Бул айда жасаган жакшы иштерибиз коомубуздун ынтымагын бекемдесин!

Кыргыз жергесине дайыма ушул Орозо айындагыдай кут төгүлүп, ар бир үйдө бак-таалай, ырыс-береке толуп турсун!

Ар дайым мекенибиздин асманы ачык, элибизде ынтымак, биримдик жана молчулук болсун!

Кыргызстаныбыздын күн сайын алдыга карай өнүгүүсүнө  ар бирибиз салым кошолу!

Орозо айтыңыздар маарек болсун!»

 

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache