Шашылыш кабар:

Улуттук банктын төрагасы 120 миң сом айлык акы алат

Июнь 14th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Улуттук банктын төрагасы 120 миң сом айлык акы алат
Кыска кабар
0

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Улуттук банктын 2017-жылдагы ишинин отчёту угулду.

Талкуу учурунда депутат Гүлшат Асылбаева Абдыгуловдун айлык акысына кызыкты.

Абдыгуловдун айтымында, банктын башкаруу кеңешинин айлыгы президент тарабынан белгиленет. Айлык акы 2014-жылдан бери көтөрүлгөн эмес.

«Мурунку жылы 6 ай башкаруу кеңешинин 2 мүчөсү дайындалган эмес. Кийин бул кызмат ээлери дайындалгандан кийин чыгымдар өскөн. Менин айлыгым 120 миң сом, орун басарым 108 миң, башкаруу кеңешинин мүчөлөрү 102 миң сомдон алат”,- деди Абдыгулов.

Белгилей кетсек, 2017-жылы банктын башкаруу кеңешине 21 млн сом коротулган. Ал эми 2016-жылы 19 млн 334 миң кеткен.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache