Шашылыш кабар:

Ибраимов УКМКга сурак берип чыкты

Июнь 13th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Ибраимов УКМКга сурак берип чыкты
Кыска кабар
0

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына бүгүн, 13-июнда сурак берип чыкты.

Ал «ТНК Дастан» ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып чакырылган. 30-майда ага карата «Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу жана коротуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн материалдарына ылайык, 2012-жылы “ТНК Дастан” жана “Дастан Инжиниринг” ишканаларынын ортосунда буюм сатып алуу үчүн түзүлгөн келишимдин баасы атайылап жогорулатылып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Ибраимов аталган ишкананы 2011-2012-жылдары башкарган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache