Шашылыш кабар:

Көз жумган депутат Кадыкеев завод салдырып жаткан

Июнь 13th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Көз жумган депутат Кадыкеев завод салдырып жаткан
Коом
0

Жогорку Кеңештин депутаты, «Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү Нурланбек Кадыкеев 49 жашында көз жумду. Ал 12-июнга караган түнү Стамбулдагы ооруканада инфаркттан улам бул дүйнө менен кош айтышты. Нурланбек Кадыкеев буга чейин Макеев деген фамилияны алып жүрүп, жакында эле алмаштырган. Ал Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин төрагасы болгон.


Депутат Нурлан Кадыкеев 12-июнда Стамбулда ооруканалардын биринде дарыланып жатып, инфаркттан улам көз жумган. Бул тууралуу эл өкүлүнүн жакын досу Солто Абдраев билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлү өткөн жылы Түркияда операция болгон. Бирок оорудум деп айтчу деле эмес.

Досум Нурлан бул дүйнө менен эрте коштошуп кете берди. Артында келинчеги, тогуз жаштагы кызы жана кичинекей уулу калды. Досубуздун ата-энеси токсонго чыгып калды. Азыр жакындары сыздап олтурабыз. Нурлан жакында эле Кытайга иш сапары менен барып келген.

Ошондой эле, маркумдун досу Кадыкеев иштерман экенин белгилеп, бир топ жасаган жумуштарын айтып берди. Депутат Чоң Кеминде каралбай калган 500 гектар жерге алма багын отургузуп, быйыл түшүмүн алмак. Мындан тышкары, Кант шаарында үйдү жылыта турган шаймандарды чыгарган завод курдуруп жаткан. Ал бүтсө 200-300 адамды жумуш менен камсыз кылмак.

Жогорку Кеӊештин 13-июндагы кезектеги жыйыны көз жумган депутатты эскерүү менен башталды. Жыйында төрага Дастан Жумабеков сөз сүйлөп, эл өкүлдөрүнүн атынан Кадыкеевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көӊүл айтты.

-Урматтуу депутаттар, бүгүн сиздерге кайгылуу кабар айтууга туура келип турат. Арабыздагы кесиптешибиз Кадыкеев Нурлан Кадыкеевич  кечээ, 12-июнда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Баарыбыздын атыбыздан жакындарына көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Анда депутаттар кесиптешибизди бир мүнөт эскерип коелу!

Нурлан Кадыкеев 1970-жылдын 21-январында Нарын областындагы Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. Жогорку билимдүү, эмгек жолун 1988-жылы Кочкор районундагы “Кочкорка” ЭОГПЗында автослесарь болуп иштөө менен баштаган. 2015-жылдын 4-октябрында  “Кыргызстан” саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин  депутаты болуп шайланган. Ал парламентте Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетин жетектеп турган.

Маркумдун жардамчысы ал буга чейин Макеев деп аталган фамилиясын өз атасынын атына Кадыкеев деп өзгөрткөндүгүн айтты.

«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Кубанычбек Нурматов кесиптеши токтоо мүнөз экенин айтып, бул дүйнө менен эрте коштошту деп кайгырганын жашырган жок.

Акыркы учурда ашказаны ооруп жүргөн. Кайра кеткен окшойт, түндө Түркияда каза болуп калгандыгын уктук. Акыркы убактарда ооруп жүрүп салмак да таштап калды. Ал кант диабети менен ооруп, Стамбулга кеткен.

Фракциялашы Нурматов Кадыкеевдин сөөгүн алып келиш үчүн жубайы жана туугандары учуп кеткендигин белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Нурлан Кадыкеевдин сөөгү 14-июнда эрте менен Түркиядан Кыргызстанга алынып келет. Ал эми 15-июнда сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache