Шашылыш кабар:

Мамлекеттик ипотеканын үстөк пайызы 6%га түшөт

Мамлекеттик ипотеканын үстөк пайызы 6%га түшөт
Экономика
0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Мамлекеттик ипотекалык компания» ишканасынын иши тууралуу кеңешме өткөрдү. Жолугушууда «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасынын алкагында турак жай менен 3118 үй-бүлө камсыздалганын, 3,43 млрд сомдон ашуун каражат жумшалганы кабарланды. Ошондой эле ипотекалык насыянын жылдык үстөгүн 6 пайызга түшүрүү каралды? Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын  жетекчиси Бактыбек Шамкеев айтып берди.

  6-июнда премьер-министрдин катышуусунда жыйын болду. Анда мамлекеттик ипотеканын жылдык үстөгүн 6 пайызга түшүрүү каралып жатканы айтылды. Бул кайсы каражаттын эсебинен түшүрүлгөн турат?

Премьер-министр менен болгон жыйындын протоколу келди. Ошонун негизинде бизге тапшырма берип жатат. Эми ипотекалык насыяны 6 пайызга түшүрүүнү  карап жатабыз. Андан тышкары каржы министрлиги дагы өзүнүн бюджеттик ссуданы карап чыгат. Былтыркы жылы министрлик ссуданы бир пайызга чейин түшүрүп берген. Буга кошумча коммерциялык бактар дагы пайыздарын 5%дан   төрт пайызга   азайткан. Ошону менен ипотекалык насыя 8 пайызга түшкөн болчу. Эми азыркы убакта 6 пайызга чейин түшүрүүнүн бир жолу кайрадан каржы министрлиги каражатты пайызсыз бериши керек. Эгер ушундай тартипке өтсө, биз автоматтык түрдө ипотекалык насыяны жылдык үстөк пайызын 6%  түшүрөбүз. Эгер андай кылууга мүмкүнчүлүк болбосо, башка шарттарды карап чыгабыз. Бирок бул тартип буюрса быйылкы жылга кирип калат деп турабыз.  

Бул насыя бир гана мамлекеттик кызматкерлерге берилеби же жеке жактар дагы камтылдыбы?

6 пайыздык ипотекалык насыяны мамлекеттик кызматкерлер гана ала алат. Бюджеттик эмес тармакта иштеген жарандарыбыз булар бюджеттик эмес, булактардан каржыланышат. Ошондуктан азыр ипотекалык баалуу кагаздарды чыгарып жатабыз. Жакын арада рынокко чыгаралы деп турабыз. Баасы базардагы баа менен болот. Эгерде 8-8,5 пайыз менен чыкса, кардар ошол баа менен алса, биздин пайыздар дагы 8% болот. Ага кошумча операцияларды жүргүзүү 2 пайыз жана коммерциялык бактар 4 пайыз алат. Ошону менен ипотекалык насыянын жылдык үстөк пайызы жеке жактар үчүн 14 пайыз менен берилет. Эгерде инвестор  баалуу кагаздарды 5-6 пайыз менен менен сатып алса, анда биз дароо 3- 4 пайызга ылдыйлатабыз.  Пайызга сатсак, анда үстүнө пайыз кошуп жатабыз. Анда ипотекалык насыяны 11 пайыздан баштайбыз. 

-Буга чейин ипотекалык компанияда каражаттын жоктуган насыя берүү токтотулганы кабарланган.  Кезекте турган жарандардын тагдыры кандай болот?

Бүгүнкү күнү актуалдуу тизмеде 11 миң 65 жаран камтылган. Анын 5166сына коммерциялык банктардын каражатынан берилип жатат. Дагы 5899 жаранга өкмөт тараптан экинчи ирээт бөлүнө турган каражаттан берилет. Ошону менен кезекте тургандардын саны азаят. Себеби  азыр арыздарды кабыл ала элекпиз. Башында ипотеканы алабыз дегендердин саны ушундай темпте болот деп ойлогон эмеспиз. Анткени каалоочулардын саны эки жылда эки эседен ашты. 2017-жылы 250 жаранга насыя бергенге жетиштик. Каалоочулардын көптүгүнөн биздин каражат жетпей калды. Ошондукдуктан каражат өкмөт менен атайын чечимдерди кабыл алып, насыяны толук жеткиликтүү кылууга далалат кылып жатабыз.   Бул жылдык пландын негизинде кетип баратат. 

Маегиңизге рахмат !

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache